шатыра

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Шатыр-шатыр этүү.
  2. Төгүлүү, агылуу, биринин артынан бири куюлуу.
  3. Көңүлдүү, оюн-күлкүлүү, дуулдаган жүрүштө болуу, дуулдап көңүл ачуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көп болгон жок, береги бир казандай кара булут эңкейип, түнөрүп келди да көк тарс-турс этип, жаркылдап туруп, шатыратып келип, төгүп берди эле бир заматта чөптүн башы жылтырап, суу болуп кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Менден жер күчтүү, канчалык шатырата жаасам да, бүт бойдон соруп алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
"Ии, мен ушул жерге, Шатырадолуну алып келсем, жакшы болгон турат"-деп бала баягы аялга барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Чынар теректин жоонураак бутагынан кескин, анын баш аягын таарыгын да минип алып, Шатырадолунукуна жеткир десең, ал жеткирет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Үсөн, Шатырадолунун үйүнө кирип барып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →