шаттан
- Шайырдануу, кубануу; көңүлдүү, куунак болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Көкбөрү айтканда, / Өзүнөн өзү шаттанып, / Көйрөңсүнүп мактанып, / Жүрүп кетти аттанып, / Кетип барат күүлөнүп, / Кененимдин мен башын, / Келемин деп байланып, / Аңгычакты Көкбөрү / Аскерди тур деп к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тойгуза курсак ашын жеп, / Тогуздап темир тон кийип, / Тоодой капыр аттанды, / Кыйар барды өлдү, деп, / Көргөндөрү шаттанды, / Карап туруп кыр жактан, / Торгой байкуш какшанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тердебес тулпар ат минип, / Кабаттап темир кийинип, / Каар төгүп карарып, / Эрди-мурду жаланып, / Өткүр миз найза карманып, / Акимсип калмак аттанды, / Кененим эми сойлойт, деп, / Буруттан бирди койбойт, деп, / Чойун алп өзү баш болуп, / Чогулган калмак шаттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Таз Баймат турду алдырап: / «Мен барайын, аба» лап, / Ажыбай турду шалдырап: / — Каныкей минип келерге, / Ала бар чоң Күрөң ат, - / Ачып көздү жумганча, / Айтып Бакай болгунча / Таз Баймат кетти аттанып, / Жетекке Күрөң атты алып, / Көөнү өстү Байматтын, / Көктеке минип шаттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан Кыйаз менен бирлешип, / Канчоро көөнү шаттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →