шарылда

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Шаркырап катуу агуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырысы суудай шарылдап, / Агып турган неме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Астыртан өөдө караса, / Төбөдөн ылдый шарылдап, / Борошо жамгыр куйулат, / Кыйалы кетет кырк бөлөк, / Кылымга келчү бар нерсе, / Бири калбай туйулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айкөл минген Айманбоз, / Эки көзү чекчейип, / Карды көөп некчейип, / Жал-куйругу жайылып, / Токуму сууга малынып, / Түртүп койсо барылдап, / Тартып койсо Коңурбай, / Бери келет шарылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каркыра-турна сап болуп, / Желе тартып асманда, / Адамдар чыдап тура албай, / Тегеренип үн салса, / Кара суудан үн чыгып, / Өркөчтөнүп шарылдап, / Мааналайт жардын бетине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Үзүктөй болгон кара таш, / Суу түбүндө калдырап, / От күйгөндөй жалындап, / Эңкейип жерин карасаң, / Тундуруп кулак шарылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →