шаршемби
- Жуманын үчүнчү күнү. Кыргыз элинин накыл кептеринин ичинде: «кара шаршемби» деген сөз айкалышы бар. Элдин түшүнүгүндө – «кара шаршемби» бакытсыздыкты алып келе турган күн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эртеңки күнү баатырдын, / Кыркын берсек экен деп, / Эл дайындык күтүптүр, / Шаршембинин күнүндө, / Бейшембинин түнүндө, / Көз байланган бүрүлдө, / Бала жерге түшүптүр, / Ыйлап бала баркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошол отун алганда, / Дүнүйөм толуп кетпейим, / Уруксат бергин, жан досум, / Ишемби жөнөп кетейин, / Бүгүн күнгө шаршемби, / Аңгыча турсам бекемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чакырып келип Кыйазды, / Канчоро айтат жана да: / — Бүгүн күнгө шаршемби, / Эр Кыйаздын кетишке, / Эки күн калды арада, / Ишемби күнү таң менен, / Ушул турган баарың кел, / Үйдө жаткан карың кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →