шартылда

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Катуу дабыш сала жүрүү, катуу дабыш чыгара аракетке келүү.
  2. Бир нерсени тез, шамдагайлык менен иштөө, ыкчам, шаңдуу жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аргымак аттар алкылдап, / Саймалуу жаргак сары шым, / Кең багалек балпылдап, / Булгарыдан чоң кисе, / Жандарында шалпылдап, / Күн батыш карай жол алып, / Кетип барат шартылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шаарынан чыкты шартылдап, / Жөө тумандай самсаалап, / Ак асаба, көк желек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каард… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ачылса тиши жарк этип, / Сүйлөгөндө таңдайы, / Жез комуздай шаңк этип, / Обон салып баркылдап, / Баштады сөзүн шартылдап: / — Улук Кыйаз –- пилиң ук, / Эл бийлеген бийиң ук, / Малың батпай короого, / Маалкаган байың ук, / Мал таба албай тартактап, / Басып жүргөн жардың ук, / Уул … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Желе басса шартылдап, / Артынан кууган жел жетпей / Жанашпай шамал бөлүнүп, / Үстүндөгү жалгыз көз, / Жан алчудай көрүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ы, түн бүркөк, / Таанылбайт көзгө күдүңдөп, / Аңгычакты болбоду, / Чагылган чагып чартылдап, / Жер айрылып жаркылдап, / Коргоолундай тай төөнүн, / Мөндүр куйду шартылдап, / Сасык туман каптады, / Аркырап кыйан акканы, / Каксоо жерге Сомбилек, / Аттан түшүп жатканы, / Бешиктеги баладай, / Чындап уйку басканы, / Таң атканда барам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →