шарттуу

китептерде 1 жолу
  1. Шарт коюлган, шарты бар.
  2. Алдын-ала кабыл алынган белгиленген, сүйлөшүлгөн белги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мурдагы шарттуу айтуудан, / Жанбады Сынчы тартуудан, / Анда Ажыбай кеп баштайт, / Кеп баштаса эп баштайт: / — Кокондун ханы Сынчыбек, / Айабадың барыңды, / Ак күмүш, алтын-зар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →