шартташ

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Шарт коюшуу, убадалашуу, бир сөзгө келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылгындуу Кеңкол жериңде, / Жергенин Сарыталаада, / Дасторкондун бетинде, / Ок тиштешип антташкан, / Нан тиштешип шартташкан, / Антыңды кандай актайсың, / Аны эсиңе түк албай, / Алмаке, сен жериңди мактайсың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лалбасам маа жазык, / Тунарык турат тумандап, / Көрсөтпөсөң саа жазык, / Аккелте менен дүрбүгө, / Айкөл Манас антташып, / Келтенин огун салаарда, / Огун тиштеп шартташып, / Дүрбүсүн алып колуна, / Оңдоп кармай имерип, / Олутуна толтуруп, / Каңгайды карай жиберип, / Кара көзгө салды эле, / Кабылан Манас мелтиреп, / Карарып жатка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Умачтап көзүн ачалы: / Арстан Манас төрөнүн, / Келерки ашын берели, / Кыйшыгы болсо душмандын, / Кыйындыгын көрөлү” – / Деп баарысы ушинтип, / Чырпык кыйып шартташып, / Ок тиштешип антташып, / Эр Бакайга кош айтып, / Аттанып булар жөнөд?, / Канышка кайрат сөз айтып, / Муну мындай баштайлы, / Мундан кийин жомокту, / Семетейд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абакем көрсөм маа жакшы, / Тайбуурул көрсөң саа жакшы” / Антташып да, шартташып, / Атырылтып Сур атты, / Чаңчыкпас менен жаш Токой, / Кой эти бышым жанашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →