шарпылда
- Шарп-шарп этүү, шарп-шарп этип толкуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дөк учуп каркылдап, / Аңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, коло, чойун ок, / Сууга түшүп чулпулдап, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жайдын күнү болгондо, / Элиги ойноп талында, / Булбулу сайрап шагында, / Кураны түздө бакырып, / Улары төштө чакырып, / Көлү толкуп шарпылдап, / Куулары сүзүп калкылдап, / Балыктары кылтылдап, / Кундуздары жылтылдап, / Көлдү бойлоп жарышып, / Чөөлөрү күлүп шыңкылдап, / Сыдырым жүрүп зыркырап, / Карды…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көлдүн бети шарпылдап, / Күндү бербей көп өрдөк, / Учуп чыкты калкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туруштук кылбай каз, өрдөк, / Көлдөн учту шарпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каздар учуп каркылдап, / Өрдөк, чүрөк шарпылдап, / Алп кара куш баш болуп, / Канаттуу калбай келгенби, / Күн жүзүн бербей калкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →