шаркыра
- Шарылдап катуу агуу, күрүлдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катуу силкип бек тартып, / Билегинен кармады, / Катуу силкип бек тартып, / Кечиринен сак колун, / Далыдан сууруп алганы, / Арыкта суудай шаркырап, / Бучкагынан куйулуп, / Агып кетти кандары.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кандырга кирип жол тартып, / Каңгайды көздөй оң тартып, / Каңгырап жаткан тоо менен, / Шаркырап аккан суу менен, / Өрөөнү кеңир төр менен, / Өрдөк кечкис көл менен, / Кулан баскыс чөл менен, / Куулар өтпөс көл менен, / Куу тайган баскыс чөл менен, / Түрүл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тоңкойуп барып жыгылды, / Жер тайанып Талана, / Бута атым жерге шаркырап, / Оозунан кетти атала.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…актасында Тапан хан, / Жүрөгү ыргып болк этти, / Асман тиреп дүрүлдөп, / Күйгөн жалын жок болду, / Сыйкырланган көпчүлүк, / Көздөрү көрүп жаркырап, / Кулактары шаркырап, / Тилдери сүйлөп бабырап, / Сейитимдин жанына, / Чогулушту жабырап: / — Шумурай канчык бир келип, / Бизди салды санаага, / Таш кылып койо жаздады, / Шоркөлдүн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шаркырап аккан кызыл кан, / Аккан сууга жошулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →