шаракта
- Шарак-шарак этүү, шалдыроо.
- Катуу каткырып күлүү; көңүлү шат, шайыр жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Падыша Нурзат алдырап, / Кырк миң аскер периден, / Булар жетти шарактап, / Ээси менен аттары, / Канаттары калдаңдап, / Нурфану кантип жатат деп, / Нурзат келет далбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балык берген кылканды, / Отко жакын кармады, / Шарактап эшик ачылды, / Сулуу кыз келип калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бели арка мекчейип, / Эки көзүн карасаң, / Тышына чыгып чекчейип, / Томоро сайып кетчүдөй, / Ээрдин кесе тиштенип, / Кыпкызыл болуп кан агып, / Өлгөнгө жакын эки зор, / Намыстан жаны карарып, / Алгараны камчылап, / Атырылды алактап, / Эки буту салактап, / Айкөл Манас тогошту, / Алдынан тосо шарактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдындагы көк бука, / Эки кулак шалактап, / Төрт айагы шарактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бала береги борчук ташка келгенде, колундагы кушун бир сагызганды көздөй шилтеп жиберди да, чылк күмүш менен жабдылган атын шарактатып, төмөн карай кирип кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →