шапалак
- диал. Алакан.
- Араба же кош айдаганда, мал айдаганда колдонулуучу узун камчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жаман шапалагын сөлдөйтүп, колуна коомай кармап алып, ортосун ачып, тегеректеп, жарданып турган топтун бир четине менден кийин барып бу да туруп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жолоочу жазыксыз таяк жеп, ар кайда чачылып калган тебетейин, топусун, шапалагын жыйнап алып, көгала болгон бети-башын сыйпалап, көптөн кийин туруп келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Байболот жаман шапалагын бүктөй кармаган бойдон, боюн токтотуп, шашпай гана жай дабыш менен:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →