шамшар
- Кылыч формасындагы чоң канжар; чоң бычак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачанын айтканын, / Жаңы туулган балага, / Ак шамшарын тартканы, / Кабар угуп Бекбача, / Үч күн эстен танганын, / Ордун көрүп Фанунун, / Кой эти бышым жатканын, / Матанын кандай экенин, / Айтып берди бар кебин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колуна берип бир шамшар: / — Мадыбекке бергин, — деп, / Үйүңөн чыкпай күнү-түн, / Мөңкөтай бирге жүрсүн, — деп, / Айдап келген чоңдордон, / Ылгап минген жылкыдан, / Жыбылжыган жоргодон, / Алып келип миндирип, / Азгандан келди эки-үчөө, / Көкөй менен Медеркан, / Кошулду жолдон үч адам, / Беш болду киши санаты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жүйрүндө берген ак шамшар, / Ага сыйкыр өтөбү, / Сыйкырдын күчү жетеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рем, деп / Алма баш мылтык жасаган, / Өз өмүрүн кастаган, / Тирүү инсан баарысы, / Жаздым болгон баштатан, / Жаздым болбой неткени, / Өзү өмүрүн кастаган, / Ак шамшарды Сошойа, / Кошо алып кеткени, / Калмакка кытай кошулуп, / Азиз хандын Сошойа, / Атасынан көөнү ооруп, / Кыргызга качып кетеби, / Ал алаштын бир уулу, / Айдаркан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…нө шок, / Азарланып Айчүрөк, / Кабагын түйүп сумсайып, / Шамал чыкчу булуттай, / Бузулуп өңү кумсарып, / Алдындагы жууркандын, / Катмарына кол салып, / Кадимки шамшар – ак тимте, / Сууруп чыкты чунайтып: / — Каратып туруп балаңды, / Канжар менен жарбасам, / Андан кийин өзүмдүн, / Жүрөгүмө малбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →