шамдагай
- Кыймылы эптүү, тездик, кылдаттык менен иштөөнүн ыгын жакшы билген, тыкан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалгызектин Бактыбай, / Өтө мыкты шамдагай, / Колуна жарак алдырбай, / Шылкы мойун чойунбаш, / Арстан тууган эр неме, / Ачып көздү жумганча, / Алтыны койуп өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Барбагын деп кыргызды, / Калтырып койду бек тосуп, / Кесилетке Саламат, / Кезигишти жолгошуп, / Жеткен жерде салышып, / Кез керип найза сайышып, / Өтө мыкты шамдагай, / Өткүр тууган Саламат, / Кылча жанын айабай, / Өлөмүн деп санабай, / Кызымталдуу бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Эр Саламат, Кесилет, / Кыйын уруш башта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…өгө, / Жети күндө барасыз, / Сегиз күнгө калганда, / Арыстан Манас баатырдын, / Ачуусуна каласыз, - / Деп ошентип Ажыбай, / Кош эмесе, деп койуп, / Бура тартты шамдагай, / Из безгендин талаада, / Сызып барат Ажыбай, / Кутбаны карай бет алып, / Кетип барат Ажыбай, / Ат айабай жол жүрдү, / Күнү түнү талыкбай, / Арам өлгөн карт К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тай торпоктой булчуң эт, / Канча талаа жарылды, / Сүлкүлдөгөн Терекбай, / Заманасы тарылды, / Тартып алып найзаны, / Ылаачындай шамдагай, / Сак карыга бир сайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шамдагай бала эн, шылуун, / Кол балтаны имерип, / Бар келтирип уңгусун, / Найзаны кагып жиберип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →