шамалда

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Шамал жүрүү, шамал болуу.
  2. өт. Сергүү, таза абада эс алуу, таза аба жутуу.
  3. Суук тийип ооруп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келе жаткан Отордон, / Чымдуу жерлер чытырап, / Суусу агып чылпылдап, / Какырга калса капташып, / Таштар учуп чыркырап, / Топурак учуп буркурап, / Эпкининен шамалдап, / Жел айдады зыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки күндүк шамалда, / Аккулжанын бели бар, / Андан ары барганда, / Шум түлкүнүн чөлү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бартылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Таң агарган маалда, / Таң зыркаары шамалда, / Элге кызмат кылуучу, / Эрендер турбайт мындайда, / Эрен бала Сомбилек, / Келип турду маңдайга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ыйманкул ач окшойт көрүнүп турат: эки жаагы сорулуп, көздөрү чүңүрөйүп, керээли кечке шамалда жүргөн койчудай ээрди кеберсип кургап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →