шамал
- Абанын горизонталь багытындагы тездик менен жылышы, катуулап соккон жел.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шамал чыгып зыркырап, / Ат туйагы тийген таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шамал болбос, күн тийбес, / Жерге кеткен эки жан, / Адам жеткис аларга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…баттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап олоң тартынып, / Аттанып бу да жөнөдү, / Сом темирин артынып, / Тай буурул менен Сур атты, / Алактатып баратат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Ырас эле менде күч көп, – деди шамал.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →