шалтак
- диал. Шыпыргы гүлдүүлөрдүн тобуна кирип, көк гүл ачып, жалбырагы жарыша жайланышкан, сабагы төрт кырданып өскөн, бою 50 см ашпаган, мал жакшы оттоп, тамыры кыска келип, чачырап өскөн өсүмдүктүн аты.
- Кир, булганыч, ыпылас, таза эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп ойлонуп даай албай, / Бекбачаны бетке албай, / Жандай тартып жөнөдү, / Бара жаткан кишини, / Бекбача баатыр көргөнү: / — Баскан жолу алыс жол, / Аты шалтак кара тер, / Чамбыл сур болуп кетиптир, / Болбосо өзү карагер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →