шалпылда
- Шалп-шалп этүү (сууга же башка суюк нерсеге карата).
- Салбыроо, салпылдап туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тапшырып Отор далай кеп, / Далпылдап жолго салыптыр, / Этек-жеңи далбайып, / Салпылдап кетип баратат, / Эси оогандай эндиреп, / Шалпылдап кетип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Беттешип калса пендеге, / Табылбас ага эч даба, / Кулач кез мойну узарып, / Өпкөдөй бети бышарып, / Өрттөй көзү кызарып, / Көн кисеси шалпылдап, / Чоң кылыч белде жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асма…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Урган таштай зыркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Шалпылдаган касасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
деп, / Аргымагы кишинеп, / Жетип келди аркырап, / Эки тайган кыңшылап, / Аргымакты карасаң, / Эриндери шалпылдап, / Сүйлөшүп жаткан шекилдүү, / Асманды-жерди карашат: / “Балапанын учуруп, / Алып кетти канаттуу”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →