шалпы2
- Уят сөздөрдү тартынбай, ылгабай сүйлөй берүү, тантып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздын турган бүт эли, / Мындайды мурун көрбөгөн, / Башын салды шалпыйып, / Калдык хандын аскери, / Ырсактап күлөт мылжыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…пандын жолун жакалап, / Тууралап жөнөп алыптыр, / Келаткан утур алдынан, / Саламат чыгып калыптыр, / Кененимди көргөндө, / Салам айтып салпыйып, / Бошоң тартып шалпыйып, / Учурашып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тартак чыкты жекеге, / Карачкыдай далдайып, / Алдыңкы ээрди шалпыйып, / Үстүнкү ээрди калбайып, / Чолок мурун неме экен, / Бетине батпай балчыйып, / Өңү кара көмүрдөй, / Көзү кайнап жылчыйып, / Тармалдашып сакалы, / Узун-кыска к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бир айтканда Тазкара, / Чөөчө күлүп каткырып, / Бир айткандаТазкара, / АлМасы колдон бош түшүп, / Эси оогандай шалпыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Алгыр бүркүт кептенип, / Төшүн жайып дагдыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Тиктеген көзүн ирмебей, / Карыган койдой чакчыйып, / Бир ай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Нымыгып бойу тердебей, / Жаралуу болгон абасын, / Шалпысынан көрүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →