шалпаңда
- Шалпайган, төмөн карай салаңдаган абалда аркы-терки жүрүү.
- өт. Эч майнапсыз эле ары-бери жүрө берүү, баса берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Жолборс болуп чамынып, / Кара кулак шер болуп, / Кара бойу керилип, / Кара суудай шарпылдап, / Каарын чачып арылдап, / Бууралар келет далпылдап, / Алдыңкы эрди шалпаңдап, / Тиши-тишке жанылып, / Таш чапкандай шакылдап, / Алп кара куш келатат, / Асман менен жык болуп, / Канаттары калкылдап, / Айгырлар келет аркырап, / Бээ кишене…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →