шалпай

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Тик, түз абалда болбой, бир жагына жапырылып, салаңдап калуу, шалпыюу.
  2. Толук, чың болбой, бош көрүнүштө болуу, арыктап, шалбырап бошой түшүү, кебетеси кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катаалды деген жерде өскөн, / Катаалды дөөнүн жери деп, / Адам уулу барбаган, / Каракөз киши жиберип, / Кененимге салмакка, / Ошол жерден алдырган, / Заманды келет заңкайып, / Минип алган нарынын, / Алдыңкы ээрди шалпайып, / Асыл туруп алабы, / Чоң экен деп жалтанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…укарга, / Инек-өгүз аралаш, / Уй келиптир Букарга, / Ирик, кочкор, соолукту, / Кой келиптир Букарга, / Эркеч теке аралаш, / Эчки келди Букарга, / Алдыңкы ээрди шалпайган, / Азууулары аркайган, / Өркөчтөрү каркайган, / Капталдашып жөөлөшкөн, / Тизелерден тиштешкен, / Ингендери боздогон, / Тайлактарын жоктогон, / Атан буура арала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кокжоңдотуп төө минген, / Төө минбесе жөө жүргөн, / Терекбай жүргөн жагынан, / Жалындаган от күйгөн, / Алдыңкы ээги шалпайган, / Жонунда өркөч каркайган, / Азуулары аркайган, / Мингени төөнүн чоңу экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күнүлүгү билинип, / Туруп калды шалпайып, / Эрке катын Чачыкей, / Эшиктен кирди эңкейип, / Үйгө кирди үшкүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо Бала Курман унчукпай гана ордунан шашпай туруп, ирегеде шалпайып отурган кишинин так желкесине келди да, төбөсүнөн тик ылдый карап туруп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →