шалкылда

китептерде 41 жолу, 6 китепте
  1. Бек абалынан өзгөрүп бошоп калуу, козголуу, кыймылдап калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асаба башта калкылдап, / Боз кисе белде шалкылдап, / Найза колдо заңгырап, / Канжыгада доолбас, / Чымын тийсе зыңырап, / Туулганы башка чөмөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байлар келди чалкайган, / Жубандар келди залкайган, / Жигиттер келди буралган, / Кыздар келди суналган; / Мырзалар келди шалкылдап, / Келинден келди нечени, / Алтындан сөйкө шаркылдап, / Көз уйалып жалтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күн козу түш болгондо, / Суркойон менен шалкылдап, / Кирип келди, Канчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →