шалдыра

китептерде 30 жолу, 7 китепте
  1. Шалдыр-шалдыр этүү, шалдырттаган дабыш чыгаруу.
  2. Бүткөн бою бошоп чарчоо, алы кетүү, шалдаюу.
  3. Шалкылдап бошоо, бошоп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн өлдү дегенде, / Мууну кетет шалдырап, / Кеп кылалбай кыйлага, / Тиктеп калат жалдырап, / Ачууланса биздерди, / Кайта айдайт калдырап, / Келбей койор айла жок, / Келебиз кайра жалдырап, / Кокүнгө айткан кебиңди, / Койбой баарын укканда, / Акыл ойлоп табалса, / Алдыңа киши жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шайы кеткен шалдырап, / Жаш Чигитей чыйралды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Шаңкайлыктын малы бар, / Баарын угуп Дабытай, / Эки көзү жалдырап, / Колу-буту шалдырап, / Тил байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эсит катын Накылай, / Эстен танып эндиреп, / Эби кетип сендиреп, / Кереге-уугу шалдырап, / Кайра көчтү салбырап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шайы кетип шалдырап, / Гулчоро жатып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →