шалдай

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Алсыроо, шайы кетүү, шалдыроо, мууну бошоп шалкаюу.
  2. Таң калганда, эсине келе албай шашып же апкаарый түшкөндө ж. б. учурларда эмне кыларын билбей туруп калуу, делдейе түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны таптым деп, / Мына бу киши айтканда, / Не деримди биле албай, / Турган элем шалдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шаңкайдын эли шалдайып, / Үпөндүктөн ажырап, / Боз ала болуп олтурса, / Баарыдан жаман иш турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адистиги тең келип, / Дал болуп колдор шалдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желжетпести Куйалы, / Камчы менен бир салды, / Ач билектен алам жеп, / Колун сунган Сарыбай, / Шалдайып туруп ал калды, / Кыз Куйалы акырып, / Манастап ураан чакырып, / Үнүн угуп Сарыбай, / Эң эле жаман шашылып, / Камчыга атын бөлөдү, / Куу найзаны өңөрүп, / Алды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Баатырлар минтип турганда, / Жаны чыгып кетчүдөй, / Аскерлер калды шалдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →