шалбыра

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Бошоп, былбырап калуу; чың, чыйрак болбой салбырап, салаңдап туруу (териге, териден жасалган кийим-кечеге же денеге карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тура калып ордунда, / Эки колу боорунда, / Корккондон өңү саргарып, / Сийдиги агып шырылдап, / Баса албай турду шалдырап, / Багшалеги шалбырап, / Тоңгон уйдай чакчайып, / Эки көзү жалдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…канда зыркырап, / Асман көпкөк көрүнүп, / Кудай бетин нары кыл, / Эр Саламат, Кесилет, / Эрегишип алышып, / Эрикпестен чабышып, / Бүчүлүктөр үзүлүп, / Жакалары шалбырап, / Этектери далбырап, / Тил байланып так келбей, / Сүйлөй албай балдырап, / Тиктеп калып бир бирин, / Далайгача жалдырап, / Катыкүн уруш кылыптыр, / Чыдай алба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сен да жетпей муратка, / Мен да жетпей муратка, / Болор ишти болтурбай, / Сен ашыгып алдырап, / Мен уйалып жалдырап, / Сен экөөбүз маминтип, / Окшошуп калдык шалбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баарын кайра кылдады, / Өңү сары, тосток көз, / Бети жайык балбырак, / Ээрди калың шалбырак, / Баланын баарын таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →