шалакта

китептерде 25 жолу, 6 китепте
  1. Катуу, ыкчам жүрүш менен жүрүү, жүгүрүү.
  2. Шалкылдоо.
  3. Алдан тайып, муун-жүүнү бошоо, алсыроо.
  4. Токтобой, тынымсыз чыгуу, агуу (мис, тер).
  5. Олдоксон, обу жок жүрүш-турушта болуу, адепсизденүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алактаган Жабыке, / Жаңы чыгып жекеге, / Далактаган Жабыке, / Найзасын күүлөп булгалап, / Шалактаган Жабыке, / Сотукени оозго алып, / Сонун келди эби деп, / Татыбекти бетке алып, / Тик качырып баратыр, / Жабыкенин артында, / Йобалы Шибе келатыр, / Аты башка Ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеби бүтпөй кароолчу, / Аңтарып көзүн алактап, / Буту-колу шалактап, / Томолонуп жыгылып, / Сендиректеп бир туруп, / Коркурай түшүп жок болду, / Көөдөнүнөн жан чыгып, / Көрүп турган Сынчы бек, / Болду кандай укмуш? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…га балта чакылдап, / Баш аламан урушта, / Баатырлар үнү бакылдап, / Тоо жаңырып заңкылдап, / Жана эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтайга минсе арыбас, / Карк үч айлык урушта, / Нойубаган талыкпас, / Суркойон калды далактап, / Куйруктары булактап, / Кутубайдын кара дөө, / Анда туруп му… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тура калды айактап, / Шилтесе колу ирмелбей, / Эки колу шалактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алыска барсак биз айдап, / Айдоодо мал арыктап, / Баспай барса шалактап, / Кылаарың ушул беле, деп, / Турбасын кыргыз эл камап, / Ал жерден барып мал таппай, / Баргандар калаар каңгырап, / Өөдө карап кеп таппай,495 / Таманын тиктеп жер карап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →