шалай
- Алсыз, күчсүз болуп шалдаюу, алсыроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Акыл ойлоп алайып, / Аңырайып далайып, / Кара бойун жыйнабай, / Карап калды шалайып, / Кошулмак болду мага деп, / Дабытай турат данайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыгылды кулжа дардайып, / Атканын жазбай кулатып, / Алмамбет калды барбайып, / Барбайганы курусун, / Басайын десе Алмамбет, / Эки буттан кан агып, / Мунжу болгон эмедей, / Туруп калды шалайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошолорду көргөндө, / Куткарбас калды далайып, / Эмне дээрин биле албай, / Маңдайда көзү алайып, / Күүсү качып бойунан, / Колу-буту шалайып, / Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, / Жиберет качан мага, деп, / Жан жагына каранып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Желекти көрүп далайып, / Бүткөн бойу шалайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Асманды тиктеп алайып, / Капкадай бойу далайып, / Үстүнкү ээрди көк тиреп, / Алдынкы ээрди шалайып, / Сомбилекти караса, / Жерди тиктеп үңкүйүп, / Кабагынын суугун көр, / Жер кемердей чүңкүйүп, / Арам өлгөн Тетеге, / Колуна жарак албаган, / Ачууланса ал кимг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →