шакылдак

китептерде 1 жолу
  1. Буудайды тегирмендин ташына ноодон өз өлчөмү менен түшүрүп туруу үчүн титиреткичке орнотулуп тегирмендин бара ташына тийип турат да, ал тегеренгенде шакылдаган үн чыгарып турган атайын кичине таякча.
  2. Тартынбай сүйлөгөн, шакылдаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шакылдак ээрдин көргөндө, / Шашты менден деп келди, / Шаштырдым деп баланы, / Шайдоот капыр бет келди, / Сомбилек карап турабы, / Теминип атын тап берди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →