шакылда

китептерде 49 жолу, 9 китепте
  1. Шак-шак этүү, шак-шак эткен дабыш чыгаруу.
  2. Тез-тез иштөө, ылдам кыймыл менен жасоо.
  3. Үнүн катуу чыгарып тез-тез сүйлөө, тартынбай сүйлөө.
  4. Катуу кайноо, шарактаган үн чыгарып кайноо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жанып турган шам чырак, / Аңгычакты Кызылкыз, / Төбөсүндө шакылдап: / — Бойу канча чоң болсо, / Ошончо болот дөө акмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү бапылдап, / Сурнайдын үнү шакылдап, / Аттангын деп аскерди, / Айтылып чыкты чакылдап, / Кызыл алптын аскери, / Кыргызга келди жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки булчуң жарылып, / Салаалаган кан агып, / Эч болбосо бир эмес, / Эки колдон тең агып, / Кызыл лөктүн үстүндө, / Терекбай турат далдайып, / Өпкөнүн каны түгөнүп, / Жыгылып калды дардайып, / Өзү айбан кызыл лөк, / Өнөрү малдан бир бөлөк, / Башын жерге салганы, / Оозунда тиши шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кирген нардай буркулдап, / Жетти бетбак жакындап, / Сомбилекти ошондо, / Карасаң сонун ошого, / Ээги ээгине тийбестен, / Ачуудан тиши шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →