шакшак
- Кол, бут ж.б. сыныктарды эбине келтирип, кыймылдатпас үчүн таңып коюуда пайдаланылган атайын даярдалган жыгач.
- Манжа сөөктөр.
- Бутундагы боосун чокубас үчүн жыгачтан майда кылып жонуп, жипке тизип, алгыр куштун башына кийгизип коюучу нерсе.
- Бөлөк-бөлөк болуп самсаалап тоңгон муздар; какмар, шакмарланып жабышкан кир, чыла.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балта менен Кытанды, / Дал шакшакка какканы, / Оң колунун шакшагы, / Сынып кетти карс этип, / Колундагы чокмору, / Жерге түштү тарс этип, / Салмагынан чокмордун, / Жер козголуп калт этип, / Чокмор түшкөн жеринен, / Топурак учту чаң кетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жебесин Калдык тартканча, / Чакмакташ тарткан жебеси, / Калдыктын колун шакшактан, / Талкалап чыгып кеткени, / Колундагы тарткан жаа, / Жерге түшүп кетти эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Жанындагы канжарын, / Калдык алды шап этип, / Бекбачанын балтасы, / Шакшакка тийди шак этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттан өтүп аткан ок, / Канчоронун шакшагын, / Көзөп кетти кыйратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Карала атка ок тийди, / Канчоронун колуну, / Шакшагынан сындырып, / Жаанын огу бек тийди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →