шакел
- Мал жеген чөптөн, тоюттан калган кашек. [Сарайдын] кээ жеринде шакел үйүлгөн (Сыдыкбеков).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап ыйлап очоктун жанында жеңем отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Отто баятан бери быкшып жаткан шакелдин бир убакта дүр этип жанып кеткен жарыгы менен тактанын алдынан таруудай көзүн жылтыратып, жөргөлөп бараткан бир чычкан көрүнө түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мен эшегимди шакелге байлап таштадым да жаандан коргологондой бүрүшүп, акырдын жанына томпойдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →