шакек
- Кооздук үчүн колдун манжаларына кийгизилүүчү, баалуу металлдардан ар түрдүү формада жасалган буюм, зергердик жүздүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билегинде билерик, / Буруп соккон имерип, / Анча-мынча кишилер, / Кымбат баа кыргыз кызына, / Кеп кыла албайт ийменип, / Манжага шакек жарашык, / Жасагандай табигат, / Колдоруна жарашып, / Маңдайы шамдай жапжарык, / Мөлтүрөп бети агарып, / Мөндүрдөй тиши саналып, / Кызылы кызыл, агы ак, / Чыкк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тагынып, / Саамайын талдап таранып, / Тоту куштай сыланып, / Он бештен чачы тизилип, / Сагагын салып мойнуна, / Жүрөкчөсү карк алтын, / Беш манжага ак күмүш, / Шакектерин салынып, / Кулпулама билерик, / Күн чагылып жаркылдап, / Кулакка сүйкүм угулуп, / Күлкүсү башка шыңкылдап, / Керегедей жарданып, / Башында кундуз тебетей, / Мо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баштан айак бүт уктук, / Бары болгон жайыңды, / Толук айттың, жаш жигит, / Түк калтырбай барыңды, / Шакеги колдо жакыттан, / Күн чагылтып жаркытып, / Алмадай кызыл эки бет, / Көп кубултуп албыртып, / Жүрүп кетти Арууке, / Алакендин жанынан, / Кабар уккун калайык, / Эми карыйа Жакып ханыңан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Төрт шакегимди бермейинче барбаймын, – деп, ордунан турбай жатып алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Айтуусу боюнча жесир аял шакекти кошуп, тасторконду алып барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →