шак3

китептерде 93 жолу, 9 китепте шак 1 →шак 2 →
  1. Урулуудан, кагылуудан чыккан кыска, ачык дабыш.
  2. Тез, дароо, чукулунан; күтүлбөгөн жерден.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он беши жатты торойуп, / Он беши өлүп кеткенде, / Коросондон оолугуп, / Он беши чыкты жаа тартып, / Жебенин огу зыркырап, / Он беш ок тийди шака-шак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бүрдөгөн терек эл элек, / Шагыбыз бүгүн кубарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →