шайык
- дин. Исламдын диндик коомунун башчысы; дин кызматкери.
- Мусулмандардын бейит кайтаруучусу, бейит сактаган адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдырып келип мууздатып, / Шайыктарга карматып, / Камчысын салып мойнуна, / Чылбырын кармап колуна, / Күмбөзгө карап сыйынып, / Эки колу боорунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бирок жетти Бакай хан, / Жаңыдан акыл кеп ойлоп: «Канкорум, шайык нетти — деп, / Тай буурул аксак көрүнөт, / Не калба болуп кетти — деп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →