шайы
- Жука кездеменин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шайы кеткен шалдырап, / Жаш Чигитей чыйралды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…/ Кененимдин ишине, / Өңкөй калмак көп журттун, / Заманасы куурулуп, / Найза, чокмор, кылычтан, / Ажыраган чоң калмак, / Балтасын кармап сабынан, / Балта чабар шайы жок, / Колу какшап абыдан, / Сол колго алып балтаны, / Кудай бетин нары кыл, / Буга окшогон наданды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…улгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кеткендей турат шайыбыз, / Келбестей турат алыбыз, / Таң аткыча уктабай, / Онтоп чыктык барыбыз, / Келбей турат Сейитек, / Кең колдо турат залыбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →