шайтанда
- Жини кармоо, жаалдануу, ачуусу келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайырдынын кырына, / Чыгып келип Алмамбет, / Айтып турган кеби ушул: / — Акбалта уулу Чубаксың, / Айткан кепти угаарсың, / Шыпшайдар адам баласы, / Бирок шайтандан ашкан айласы, / Алып жүргөн заңгиси, / Алтымыштан санаты, / Ашпайт, андан кемибейт, / Өмүрлүк мунун адаты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бала Сейит жаш арстан, / Сүрүнөн коркуп качкан жан, / Качканына карабай, / “Шайтандан бүткөн Шатыке, / Кегим алам андан деп, / Кылыч тартпай кынынан, / Балталап башын чагам” — деп, / Калың колду аралап, / Кирип келди көкжалың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шайтандан келген элчиби, / Койнунда турган күйөөсүн, / Өлбөй туруп берчүбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →