шаймерден
- Жигит пири, баатырдын колдоочусу деген мааниде.
- өт. Арабдын төртүнчү калыйпасы Аалынын сыпаты. Чыгыш жомогунун бардыгында да Аалыны жигиттин пири деп санаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өзү шерим деп айткан, / Эрлердин бири Шаймерден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жаратканга жалынып, / Жалгай көр кудай деп айтып, / Шаймерденим колдо деп, / Жарыйалап бек айтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →