шайман1

китептерде 37 жолу, 7 китепте
  1. Бир нерсе өндүрүүгө, курууга, жасоого ж. б. колдонулуучу эмгек куралдары, жарак-жабдык. [Чаргын] шаймандарды быш ыктап, үрөндү текш ерет (Сыдыкбеков).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан токтобой кансырап, / Шайманы кетип алсырап, / Көз ачырбай Чакмакташ, / Жана тийди теминип, / Муштап өттү санына, / Найза менен керилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Балтага балта чабылды, / Чапкан балта чак этип, / Жарылып сырты кеткени, / Эр Кененим, Чойун алп, / Балталары жарылып, / Башкадан шайман колго алып, / Кирген суудай бууланып, / Өңдөрү саздап бөлүнүп, / Жан алчудай көрүнүп, / Өткүр найза, бөрү тил, / Өлүмдүн жайын анык бил. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чекчейип Тапак ченебей, / Найзасына тырмышып, / Өлөөр жагын элебей, / Шайманы кеткен болучу, / Кайраты калбай кенедей, / Кабыландын кара көк, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Отуз эки ат маштын, / Баарын билет, өнөр көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…к, / Эсебин тапчу арамдын, / Шер Сейитек мында жок, / Кара дөөдөн кеп угуп, / Хан Семетей караса, / Айтканы чын, жалган жок, / Карсылдашып салышар, / Гүлчородо шайман жок, / Семетей ичи кызыл чок: / “Мен Семетей болгону, / Бу Гүлчоро болгону, / Мындайды көзүм көргөн жок! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бар шайманы күмүштөн, / Кун чагылып жалтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →