шайдоот
- Шамдагай, кыймыл-аракети чыйрак; куунак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чокмор келип тийерде, / Тоого тийсе чокмору, / Казыктай жерге кирээрде, / Шайдоотук кылып Майтору, / Оордун сала берди эле, / Аттын асты такта таш, / Чокмордун өтүп зардабы, / Талкаланып кум болуп, / Тоздой учуп жоголуп, / Таштын орду көл болу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргыздын шайдоот эрлери, / Жабыла атка минди эми, / Айкөлүңдүн алтын туу, / Айланасы чачылуу, / Асмандата желпинтип, / Азаматтары элирип, / Күүлөнүп турган аттарын, / Ого бетер теминип, / Тогошо турган майданга, / Топ болушту жардана, / Тууну кармап турган кез, / Абаң Бакай карыйа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү шайдоот Кайыпчал, / Кызын алып кепке ороп, / Үргөнчтүн барып жерине, / Кыйбанын келип элине, / Баланы жерге таштады, / Маарап келип бир аркар, / Эмизе кызды баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетей шайдоот эр эле, / Көз ачырбай төбөлөп, / Он бирди койуп ийди эле, / Алдындагы Тоосур ат, / Багалчеги малынып, / Кара жерге кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шакылдак ээрдин көргөндө, / Шашты менден деп келди, / Шаштырдым деп баланы, / Шайдоот капыр бет келди, / Сомбилек карап турабы, / Теминип атын тап берди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →