шайбырла

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Шайбыр I жүрүшүн салуу, жорголоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шайбырлап басып бергенде, / Караса көзгө илинбей, / Аркасында чаң калып, / Көкүмдөн угуп кабарды, / Кыргыз эли камданып, / Орунбайдын миң балбан, / Кайтарып Манас ордосун, / Карап турат каарданып, / Касаба тоодой жарданып, / Карапайым букура, / Алда эмне шумдук, деп, / Карап калат таңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кетип барат Сейити, / Алтын така, күмүш мык, / Телкүрөңдүн бутунда, / Чакмак таштай жылтылдап, / Шайбырлай басып кылтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Опол тоодой заңкайып, / Алдындагы Телкүрөң, / Кең соорусу даңкайып, / Кербениң Сейит бурулду, / Көркүнө көргөн таңданып, / Белестеги карагай, / Берениң сонун шаңданып, / Телкүрөң барат шайбырлап, / Аркасында чаң калып, / Сыргактан калган сыр найза, / Зыңкыйтып колго карманып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →