шай2

китептерде 174 жолу, 10 китепте шай 1 →шай 4 →
  1. Бардык жагы сонун, ойдогудай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачуу - шайтан, акыл - дос, / Акылыңа акыл кош, / Акыл менен кылган иш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кубатай болбой койгону, / Куруп калган мадана, / Уруша кетсе экен, деп, / Кандуу кылыч жанынан, / Сууруша кетсе экен, деп, / Шайтан айдап иттерди, / Сайыша кетсе экен, деп, / Өчүгүшүп кеп жебей, / Өлүп кетсе экен, деп, / Ирмебей тиктеп калыптыр, / Жедигердин Шооругу, / Жетип ага барыптыр: /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кармай түшүп шайтаным, / Чиктейиңди дүйнөдөн / Анан койдум жоготуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шайтаны бойдон күбүлсүн, / Акимсинген бул бурут, / Аманат жандан түңүлсүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акыл кетип, эс кетип, / Кара бойдон шай кетип, / Оозу менен мурдунан, / Бөлөк-бөлөк кан кетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →