шагыра
- Урунуу, кагылуу аркылуу калдыраган дабыш чыгаруу (ташка же башка катуу, кесек нерселерге карата).
- өт. Өтө көп болуу, топтолуп, жыйылып туруу, тизилип туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдындагы аскадан, / Эңкейип кирди бир кезде, / Жылантору караса, / Чыңырып үнү чыкпады, / Өйүз-бүйүз таштардын, / Бети канга чыкталды, / Кылычтары шагырайт, / Балталары калдырайт, / Үн жаңырып кошулуп, / Зоонун баары каңгырайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Шагы тийип чынардын, / Шагырап сөөгү жаткан бар, / Туура белден үзүлүп, / Үч бүктөлүп аткан бар, / Колу сынып чолойуп, / Буту сынып торойуп, / Буркурап ыйлап жаткан бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шагырата окуду, / Айагына чыкканда, / Кептин баарын укканда, / Бузулуп өңү Коңурдун, / Казандын кара көөсүндөй, / Коңурдун айткан сөзүн көр: / “Сакалы күнгө агарган, / Карып көзүн кал баскан, / Бакайдын жазган катын көр!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кызыл чоктордун кылычтары керегеде шагырап илинип турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →