шагыл

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Майда таш.
  2. Көмүрдүн ушул сыяктуу майда кесектери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түштүк жагың кумсары, / Чалгында турат балбаны, / Чыгыш жагың түз какыр, / Кожураган көк шагыл, / Ушуларга барба, — деп, / Капташып калып бирөөгө, / Бир балааны салба, — деп, / Ушулардан байкастап, / Эми ойноп жырга! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…арыбас, / Үч ирет жоого кирсе да, / Өксүп кийип калбаган, / Мээ кайнаган ысыкта, / Бок ачыган сасыкта, / Белсенишкен кызыкта, / Куйушкансыз минсе да, / Куйулма шагыл кум ылдый, / Куйундатып кирсе да, / Кыр аркадан өтпөгөн, / Кыл жалына жетпеген, / Бөктөргөлүү мал экен, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара шагыл кум келсе, / Анда жетет, Тайбуурул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →