шабырлуу

китептерде 6 жолу
  1. Майда камыш өскөн, шабыры көп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мындан нары сен барсаң, / Жекендүү көлдүн башында, / Шабырлуу көлдүн жатында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ушул кебин укканда, / Буурулдун башын бурду эми, / Абасы Бакай ээрчитип, / Артынан жүрдү чунагы, / Жекендүү көлдө басты эми, / Шабырлуу көлдү ачты эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Андан айла болбосо, / Өрдөк көлдөн өткөндө, / Эр Семетей баатырың, / Куш салаар маалы кеткенде, / Жекендүү көлдүн жээгинде, / Кошулган камыш тээгине, / Шабырлуу көлдүн чатында, / Аккуу болуп жатпасам, / Башымды көлгө малбасам, / Балырды сууруп албасам, / Куукуулап оттоп калбасам, / Куп мүшкүлдү салбасам, / Куу деп кушу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →