шабыра
- Шабыр-шубур эткен дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыс зоо кылды, / Асман тиреп заңкайган, / Ак карлуу бийик тоо кылды, / Тоонун түбүн от кылды, / От туташып күрүлдөп, / Күйдүрүп баарын жок кылды, / Жамгыр куйуп шабырап, / Май төккөндөй жанган от, / Алоолонуп жалындап, / Атырылып өркөчтөп, / Суулар акты шарылдап, / От менен суудан айанбай, / Алды аркасын карабай, / Баатыр Асыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шамал болот дабырап, / Жамгыр куйат шабырап, / Суу кылалбайт шабырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шабырап жамгыр куйсун — деп, / Жели жок болсун билсең — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Башынан ылдый сүйрөгөн, / Жаралуу жылан изденген, / Кочкор мүйүз чиймекей, / Колуна кагаз тийгенде, / Жаттап алган немедей, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Шабырата кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →