шаар

китептерде 641 жолу, 10 китепте
  1. Административдик, өнөр жай, соода жана маданий борбору, кыштакка караганда калк көп орношкон ири пункт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тартып бурчтанган, / Мунарыктап урчтанган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Би… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүркүтүн берип кур калба, / Куртканын шаарын саа бердим, / Аны кошуп сурап кал, / Жана болсо орунчуң, / Жашырбай сырың айта сал, / Дагы берем тартынба, / Алар болсоң жана мал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ак-Суу — чоң шаар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →