чөөгүн
- Чай же суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы, чоргосу бар идиш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келип түшкөн хан болсо, / Кастарлап атын албасын, / Бир чөөгүн жылуу чай бербей, / Аркабыздан айдасын!- / Анда Бакай кеп айтат, / Кеп айтканда эп айтат: / — Эби келсе арстаным, / Жиберип киши кат жазгын, / Хан Кошойго айталы, / Кошой алсын кабарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →