чөө
- Көбүнчө тарптар менен тамактануучу ит тукумундагы жырткыч айбан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолборс чыгат суналып, / Илбирс чыгат чубалып, / Карышкыр чыгат кабышып, / Чөөлөр чыгат каткырып, / Адамдай күлкү салышып, / Көрүнгөн жанды кетирбей, / Такыр атып алышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Илбирс атып, чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубатып, / Кайб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арстандын аты кеңкула, / Айбандан башка жаныбар, / Чөөлөрдү тиштеп ыргытып, / Туйагы менен тепкени, / Мээсин чубай мылгытып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Улуп кулак тундуруп, / Уктатпайт бөрү түнүндө, / Катынча күлүп каңшылап, / Чөөлөрү чуркайт күүгүмдө, / Элебесе жеп кетет, / Көз байланган бүрүлдө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, / Ачкүзөн, мадыл - булардан, / Кутулуп кете албаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →