чөптүү
- Чөбү көп, чөбү калың чыккан, чөп баскан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайда жатып Калдык хан, / Кыргызды жеңип ой менен, / Айдап чыкты кулбутуп, / Алтымыш миң кол менен, / Кээде суулуу, кээ чөл, / кээде чөптүү, кээде кум, / Азаптуу мүшкүл жол менен, / Лопнурга кирип аралап, / Утур келген кишини, / Кылыч менен кыймалап, / Мен кыргызмын дегенди, / Үйүн өрттөп сыйдалап,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Батыштын көрдү бар жайын, / Чалыкпады көзүнө, / Аш берерге ыктуу жер, / Чөптүү жерде суусу жок, / Суулуу жерде чөбү жок, / Батыштан көөнү кайтканда, / Чыгышты карай тартканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Төшүнө кайып жайылган, / Кай бирден келип жыйылган, / Чөптүү жерге капташса, / Капталдан келип жиреген, / Кайыңы көктү тиреген, / Чырпыгы бар чынардай, / Чынары бар мунардай, / Чымчыктары улардай, / Чымчыктардын үнүнө, / Чыдап бенде тура албай, / Талдары бар түркүктөй, / Таранчысы өрдөктөй, / Жалган айтып койбосом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →