чөп-чар

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Чөп жана ар кандай быр-сыр, майда тыпын, саман-топон ж.б.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Так ошондой болорун, / Байкап билген алдынан, / Келе турган жолуна, / Жерге ордо каздырган, / Чөп-чар менен далдалап, / Үстүн эптеп жаптытырган, / Көп аралап чабуулда, / Кененим келе жатканда, / Келип турду Шермат хан, / Казган орду жанына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Санкору деген айбан бар, / Сийдиги жерди өрттөгөн, / Ордуна чөп-чар өспөгөн, / Жатагынан кошкуруп, / Жандар аттап өтпөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойун башты булгалап, / Көзүнөн чыккан жалыны, / Утур келген чөп-чарды, / От койгондой куйкалап, / Оозунан түтүн буркурап, / Көзүнөн учкун чыркырап, / Чокмордун үнү күркүрөп, / Жердин бети дүркүрөп, / Түрүн көргөн Кожендин, / Сийд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →