чөнтөк

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Акча же анчалык чоң болбогон буюмдарды салуу үчүн кийимдердин (пальто, шым ж.б.) сыртына же ичине кошо тигилген кичинекей баштыкча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан чечилип, / Миң койлуудай эсирип, / Чапанын алган чак болуп, / Бүт дүйнөсү сап болуп, / Курун алган кубанып, / Ит дүйнөгө жубанып, / Топусун алган тойунуп, / Чөнтөктөн чыкпай эки кол, / Араң басып чойулуп, / Өтүгүн алган өрдөнүп, / Бок дүйнөсү көбөйүп, / Көйнөгүн алган көөнү өсүп, / Көр дүйнөсү көл болуп, / Байпагын алган маг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтыны кумдай чачылып, / Казына оозу ачылып, / Карып, жалчы, мискиндер, / Миң койлук оокат табышып, / Койун-кончко каткан бар, / Чөнтөгүнөн ашырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эптүүлүк менен билгизбей, / Мага берген шамшарын, / Ордуна асып таштадым, / Илип койгон шамшарын, / Мен белиме аскамын, / Билбей калды Жүйрүн дөө, / Катты салып чөнтөккө, / Шаарымды карай баскамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир убакта анын бешмантынын чөнтөгүнөн бирдеме таап алып жанына салгандай болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →